Бишкек шаарына дагы 38 автобус алынып келет

 Бишкек шаарына дагы 38 автобус алынып келет

Борбор калаанын тургундарына жана конокторуна шаар ичинде жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук транспорт көбөйтүлүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында 2024-жылдын январь айында Бишкек шаарына газ менен иштеген 124 автобус алынган.

Муну менен катар, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен алынган 1000 автобустун калган 500 автобусу келди.

Ошондой эле Германия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча калаага Түркия мамлекетинен чыгарылган 48 автобус келди, дагы кошумча 38 автобус келүүсү күтүлүүдө.

Связанный пост