Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн

 Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 211-т тескемеси менен 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3 806,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

Ошол эле учурда, 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргыз Республикасына 86,5 млн АКШ долларына 1000 даана автобустарды камсыздап берет. Анын ичинен 500ү 2023 жылы, калган 500 автобусту 2024-жылы алып келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө КР Финансы министрлиги келишимге жана графикке ылайык 4 513,8 млн сом каржылады.

Мындан тышкары, “2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландаштыруу мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 4 339,2 млн сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 1 164,9 млн сому бажы төлөмдөрүнө, калган 3 174,3 млн сому келишимден калган сумма.

Связанный пост