Бишкек шаардык кеңешине алдын ала жыйынтык боюнча 5 партия өттү

 Бишкек шаардык кеңешине алдын ала жыйынтык боюнча 5 партия өттү

Бишкек шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктар боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан 5 партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.

 

Шайлдабекованын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча, 5% шайлоо босогосунан ашкан партиялар: Адилет (15,1%) “Жаңы күч” – 29,47%; «Ынтымак» – 13,87%; «Эмгек» 22,36% «Эл үмүтү» – 10,97% добушка ээ болушту.

 

Ал эми “Улуу Журт” партиясы – 1,33% добуш алып, 5% шайлоо босогосунан өтпөй калды.

 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында шайлоочулардын 7,13%ы “баарына каршы” деп добуш берген.

Связанный пост