Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилет

 Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилет

Бүгүн кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүүгө байланыштуу Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында аталган унаа жолдун 293-306-чакырым аралыгында Коргоо министрлигинин артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен түшүрүлөт.

“Буга байланыштуу саат 11:00дөн 18:00гө чейин Кочкор районунун Сары-Булак айылынан жана Нарын районунун Оттук айылынан Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолуна чектөө (жабылат) киргизилет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост