Бишкек мэриясында мектептердин жана бала бакчалардын жанындагы жол коопсуздугун жакшыртуу талкууланды

 Бишкек мэриясында мектептердин жана бала бакчалардын жанындагы жол коопсуздугун жакшыртуу талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Джоробеков жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Авазбек Досов менен жолугушту.

Жетекчилер Бишкек шаарындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун жакшыртуу маселесин талкуулашты.

Жалпы билим берүү мекемелеринин жанында ылдамдыкты чектөөнү 30 км/саатка чейин төмөндөтүүнү карап чыгуу боюнча чечими кабыл алынды.

Тиешелүү кызматтарга жол тыгындарын алдын алуу максатында ЖКККББ менен биргеликте окуу жылынын башталышына карата иш-чаралар планын даярдоо милдети коюлду.

Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жана жол белгилерин жаңыртуу, караңгы убакта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды жарык менен камсыз кылуу боюнча тапшырма берилди.

Өз кезегинде ЖКККББнын жетекчиси Жеңишбек Джоробеков Бишкек мэриясына өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгуу, жол кыйрсыктарын жана жол тыгындарынын алдын алуу боюнча “АСУД” (башкаруунун жана диспетчерлөөнүн автоматташтырылган системасы) программаларын колдонуу жана жол кыймылы багытында эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен тийиштүү иш-мерчемдерди иштеп чыгуу багытында тийиштүү сунуштарын берди.

Ошондой эле борбор калаадагы жол тилкелерин капиталдык оңдоо учурунда калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы белгиленди.

Связанный пост