Бишкек мэриясында күз-кыш мезгилине даярдык талкууланды

 Бишкек мэриясында күз-кыш мезгилине даярдык талкууланды

Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия өттү.

 

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиршендей, коллегияда аткаруу тартиби жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, ошондой эле 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери талкууланды.

 

Биринчи маселе боюнча уюштуруу-контролдоо башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков баяндама жасады.

 

Жарандардын документтерин жана кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн бузгандыгы жана сапатсыз аткаргандыгы үчүн 2024-жылдын 9 айында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлерине жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 53 тартиптик чара көрүлгөн.

 

Мэр кызматтардын жетекчилерине жүктөлгөн тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырып, жеке жоопкерчилик карала тургандыгын белгиледи.

 

Мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине болгон даярдыктар тууралуу маалымат берди.

 

Мэрдин орун басары «Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларынын жана «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө токтолду.

10 отун базасында 11 миң 450 тонна көмүр бар, 1 тонна көмүрдүн баасы 5 миң 200 сомдон 6 миң 300 сомго чейин. Булар Шабыркул, Кара-Жыра, Кара-Кече кендеринин көмүрлөрү.

 

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасы боюнча шаардын 43 (анын ичинде АТР) конуштарындагы 58 638 үйгө магистралдык газ түтүктөрүн тартуу иштери аяктап, 25 612 турак жай газдаштырылды.

 

Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында калк арасында газ бөлүштүрүүчү тармакка кошуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Талайбек Байгазиев ошондой эле жылытуу системасынын, борбордук жылытуу жана отканалар каалаган убакта жылытуу мезгилинин башталышына даяр экендигин белгиледи.

 

Отурумдун жыйынтыгында «Бишкек шаарынын мэриясында аткаруучулук тартип жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу жөнүндө» жана Бишкек шаарында 2024-2025-жылдарга карата «Күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана баштоо жөнүндө» коллегиясынын токтом долбоорлору кабыл алынды.

Связанный пост