Бишкек мэриясы түзүмдүк бөлүмдөрүнө 75 атайын техника жана кызматтык автоунаа тапшырды
Бишкек мэриясы түзүмдүк бөлүмдөрүнө 75 атайын техника жана кызматтык автоунаа тапшырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, унааларды тапшыруу аземи Т.Усубалиев атындагы аянтта өттү.
Мэр Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүү, тейлөө кызматтарын жакшыртуу жана шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаңы атайын техникалар тапшырылып жатканын белгиледи.
Белгиленгендей, техникалар шаардык бюджеттин жана ишканалардын өздүк каражатынын эсебинен алынган. Жалпы 75 даана атайын техника, анын ичинде жүк көтөргүч, суу ташуучу унаа, автосамосвал, жүк ташуучу унаа, ошондой эле Chevrolet Cobalt, пикап жана башка унаалар өткөрүлүп берилди.
– “Бишкексууканал” – 21,
– “Бишкекасфальтсервис” – 16,
– “Бишкекшаарлифт” – 16,
– Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканаларына – 6,
– Муниципалдык инспекцияга – 20,
– Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына – 10.
Буга чейин шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн чарба тармагына дагы өзгөчө көңүл бурулуп, 2024-2025-жылдары муниципалдык ишканаларга жалпы 243 даана атайын техника сатып алганган.
“Биз муну менен эле токтоп калбастан, ишкана-мекемелерди техникалар менен жабдууну уланта беребиз. Сиздерге тапшырылып жаткан техникалар бюджеттин эсебинен алынган. Ошондуктан аны жоопкерчилик менен пайдаланып, ишиңиздерге болгон мамилени дагы да жогорулатууга чакырам. Ар бир техника – бул шаарыбыз үчүн кызмат кылат, аны аярлап, туура пайдаланып, сапаттуу тейлөө көрсөтүү – ар бириңиздердин милдетиңиздер”, – деди Жунушалиев.