Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо

 Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо

Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо.

Муниципалитеттин билдиришкендей, колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.

Калкка жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү сунушталууда. Ошондой эле бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.

Бишкек мэриясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысы 30 сомдон 40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай демилге төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост