Бишкек мэри Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушун текшерди
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушунун жүрүшүн текшерди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, объект Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп, 80 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жай менен жабдылат. Комплекстин жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө участокто сэндвич-панельден чатыр орнотулуп, ички инженердик тармактары тартылып, биринчи жана экинчи кабаттарында бүтүрүү иштери уланууда. Ошондой эле гипсокартон барактарынан жасалган тосмолор орнотулуп, ванна бөлмөлөрүнө кафель төшөлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр бардык курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө жана өз убагында бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Жаңы арена спорттук мелдештерге гана эмес, маданий иш-чараларды өткөрүүгө да арналган.