Бишкек мэри бир катар объектилерди кыдырып чыкты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бир катар объекттердин иши менен таанышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы “Орто-Алыш”, “Баш-Кара-Суу” ири суу алгыч жайларын, Жал айылындагы “Жан-Уя” бала бакчасындагы инновациялык от казандын иштөөсүн, жаңы чыгыш жана (убактылуу) батыш автобекеттерин,түндүк айланма жолундагы демонтаждоо иштерин, “Дордой” жана “Оберон-Форт” базарынын ички жолдорунун абалын, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасындагы Депо-2ни, “Алга” спорт комплексинин курулушун, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасын текшерип чыкты.
Ошондой эле Бишкек мэри “Теңдик”, “Дордой-2”, “Келечек” тургундары менен жолугушту.
Текшерүү учурунда борбор калаанын башчысы төмөнкү тапшырмаларды берди:
– “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын башчысына жер астындагы кыртыш суулардын статистикалык деңгээлин жогорулатуу, илимий ыкманы колдонуу, сууну керектөөгө талдоо жүргүзүү жана суу камсыздоо системаларында инновациялык технологияларды киргизүү, ошондой эле суунун үнөмдүү колдонулушу жөнүндө маалыматтык кампанияларды жүргүзүү боюнча чараларды көрүүнү;
– “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын жетекчисине “Кара-Кече” көмүрүн колдонуу менен акылдуу от казанды туруктуу изилдөөнү жана атмосферага зыяндуу заттардын чыгуусун өлчөп, от казандын энергиялык натыйжалуулугун эсептеп чыгуусун;
-Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Жал айылынын “Жан-Уя” бала бакчасындагы балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен оңдоо иштерин жүргүзүүнү;
-«Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасынын башчысы жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу рейстерди күтүүдө, билеттерди сатып алууда жана (убактылуу) Батыш, жаңы Чыгыш автобекеттериндеги автобустардын өз убагында чыгуусуна шарттарды түзүүнү;
-Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысына түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга тоскоолдук кылган имараттарды демонтаждоону күчөтүү, ошондой эле коомдук транспорттун кыймылын кыйындаткан “Оберон-Форт” базарындагы бир катар күркөлөрдү бузууну;
-Биринчи май жана Свердлов райондорунун акимдерине түндүк айланма жолунун боюндагы ар бир турак үйдү жана имараттарды экспертизадан, ошондой эле инвентаризациядан өткөрүп, анда 15 жылдан жогору жашаган үй ээлери менен биргеликте алардын турак жай маселелерин чечүү боюнча сунуштарды киргизүүнү;
– Бишкек мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы демонтаждалган объекттердин жер укуктук мамилелери боюнча сунуштарды түзүүнү;
-“Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын башчысына электр автобустарын пайдалануу, тейлөө жана сактоо үчүн Депо-2ни реконструкциялоо мөөнөттөрүн көзөмөлгө алууну;
– Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин башчыларына «Алга» спорт комплексинин жана Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасынын курулуш-монтаждоо иштеринин жана курулуш материалдарынын сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.