Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 6,49 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

 Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 6,49 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаары менен Чүй облусун газдаштыруу иштерин колдоо максатында «Жеңилдетилген каржылоо–3» долбоорунун алкагында республика боюнча жалпы суммасы 6,49 миллион сомду түзгөн жеңилдетилген кредиттер каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Аталган долбоор министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-токтому менен бекитилген.

Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Жалпы каржылоо көлөмү 200 миллион сомду түзөт.

2025-жылдын 18-сентябрына карата, долбоордун алкагында өлкө боюнча 51 каржылоо субъектисине жеңилдетилген насыя берилди.

Белгилей кетсек, максаты аймактарды газ менен камсыздоону ыкчамдатуу жана жарандардын жашоо шартын жакшыртуу.

Связанный пост