Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 13,7 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
Бишкек шаарын менен Чүй облусун газдаштырууга 13,78 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган каражатты 110 каржылоо субъектиси алды.
Газдаштыруу боюнча насыялоонун жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт. Жеңилдетилген насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу берилүүдө.
Белгилей кетсек, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун бекитүү жөнүндө”долбоору бекитилген.