Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 12 млн сомдон ашык каражат бөлүндү

 Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 12 млн сомдон ашык каражат бөлүндү

“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3” долбоорунун алкагында жалпысынан 12,22 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Долбоор министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-р буйругу менен бекитилген жана борбор калаада жана Чүй облусунда газдаштыруу иштерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Долбоорго Айыл Банк жана Элдик Банк тартылган. Программага бөлүнгөн насыянын жалпы суммасы 200 миллион сомду түзөт.

2025-жылдын 30-октябрына карата долбоордун алкагында газдаштыруу иштерине байланыштуу 98 субъектке жалпы 12,22 млн сомдук жеңилдетилген кредит берилди.

Программа аймактарды газдаштырууну тездетүү үчүн жеткиликтүү каржылоону камсыз кылуу менен ишин улантууда.

Связанный пост