Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 10 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

 Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 10 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 10 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

 

Тактап айтканда, 2024-жылдын 11-июлуна карата бул 73 субъектке 9,81 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилди.

 

Белгиленгендей, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырып жатат.

 

Насыялар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК тарабынан берилүүдө. Кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сом суммасын түзөт.

Связанный пост