Бишкек менен Чүй облусунда бир суткада 41 мас айдоочу кармалды

 Бишкек менен Чүй облусунда бир суткада 41 мас айдоочу кармалды

Бишкек менен Чүй облусунда бир суткада 41 мас айдоочу кармалды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, атайын рота тарабынан дем алыш күнү Бишкек жана Чүй облусунун аймагында рейд өткөрүлдү. Бир сутка ичинде мас абалында унаа башкарган 41 айдоочу аныкталды. Алардын ичинде аялдар да бар.

 

Кармалган унаалар айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Рулда” аталышында рейд өткөрүлөрүн белгилеп, иш-чара айдын аягына чейин уланарын эскертет.

 

“Рейд учурунда ичимдик ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма мамлекеттик номер тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Рейддик иш-чарага жалпыга маалымдоо каржаттарынын өкүлдөрү катышып, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жүздөрү башкаларга эскертүү болуу иретинде коомчулукка ачык көрсөтүлөт”, – деп белгилешти башкармалыктан.

Связанный пост