Бишкек – Худжанд – Бишкек үзгүлтүксүз каттамы ачылды

Күн мурун, 8-апрелде “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Худжанд – Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын жүргүнчүлөр менен ийгиликтүү аткарды.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, үзгүлтүксүз каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. (келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда).

Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтына же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алсаңыздар болот!

Авиакомпания менен байланыш номерлер: 0705 25 16 00, 0999 25 16 00, 0312 25 16 00

Связанный пост