Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкери 1 млн сом пара алып жаткан учурда кармалды
“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, 2024-жылдын 25-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору 1983-жылы туулган К.С.Ж. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.
Эске салсак, УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.