Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын эске алуу менен, Бишкек-Балыкчы № 608/609 жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды.
Ал эми, поезддин жүрүү убактысы жана жол жүрүү шарттары өзгөртүлгөн жок.
Бир гана 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги төмөнкүдөй болуп өзгөртүлдү.
Эске салсак, Бишкек-2 бекетинен поезд саат 08:45те жөнөп, Балыкчыга 13:16да жетет. Ал эми Балыкчыдан 19:26да чыгып, Бишкек-2 бекетине саат 23:56 келет.