Бишкек – Балыкчы каттамындагы поездди таш менен урган өспүрүмдөр аныкталды

Бишкек – Балыкчы каттамындагы поездди таш менен урган өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-июлда белгисиз адамдар Чүй районунун аймагынан өтүп бара жаткан поездди таш менен урганы боюнча милицияга кабарланган.
Бул факт Чүй РИИБге катталып, иликтөө иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алып, ошондой эле видео камераларды караган.
Ага ылайык, окуяга тиешеси бар 15, 14, 12 жаштагы үч өспүрүм аныкталды. Алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу курагына жете элекгине байланыштуу өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.
Чүй облустук милициясы бейбаштык аракеттер үчүн мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын, бейбаштык аракеттер жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертет.