Биринчи жолу 2024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилди
Биринчи жолу 2024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилди. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Каржылоого 1 миллиард 439 миллион сомдон ашуун каражат каралган, тагыраагы:
*149 мектептин курулушуна – 844,4 млн. сом,
*87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого – 21,2 млн. сом,
* 78 мектепти капиталдык оңдоого – 226,1 млн. сом;
* 63 бала бакча курууга – 306 млн. сом,
* 42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого – 11,8 млн. сом,
* 12 бала бакчаны капиталдык оңдоого – 30 млн. сом.
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 1-сентябрга карата 27 мектепти жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландоодо.