Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн 8,1 миң адам келген

2025-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн 8,1 миң адам келсе, 1,4 миң адам кеткен. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, миграциянын өсүшү 6,7 миң адамды түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн (4,1 миң адам) кыйла жогору.
Ведомстводон билдиришкендей, былтыркы жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу келүү жана миграциянын өсүү интенсивдүүлүгүнүн жогорулашы байкалса, кетүүнүн деңгээли тескерисинче төмөндөгөн. Калктын республикалык ички миграциясынын көлөмүнүн өсүшү да белгиленген.
Тышкы миграциядан келгендердин эң жогорку деңгээли Ош, Бишкек шаарларында жана Чүй облусунда байкалган. Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Нарын облусунда.
Демек, статистика мигранттар мекенге кайта баштаганын көрсөтүп турат.