Бириккен товар өндүрүүчүлөргө 89,2 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
2025-жылдын 16-октябрына карата долбоордун алкагында өлкө боюнча 13 субъектке жалпы көлөмү 89 миллион 20 миң сом болгон жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААК тартылган. Алар аркылуу берилүүчү насыянын жалпы көлөмү 2 миллиард 200 миллион сомду түзөт.
Белгилей кетсек, майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №786-т тескемеси менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоору (мындан ары – Долбоор) бекитилген.