Бириккен товар өндүрүүчүлөргө 79,2 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

 Бириккен товар өндүрүүчүлөргө 79,2 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

2-октябрга карата “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоорунун алкагында республика боюнча 79 млн 200 миң сом жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны 12 субъект алды.

Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда жана каржылоонун жалпы көлөмү 2 млрд 200 млн сомду түзөт.

Долбоор министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен бекитилген жана майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Связанный пост