“Бирдиктүү терезе” Бажы кызматына өткөн 2 айда ишкерлерди тейлөө 34 %га көбөйдү
 
			
    “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Бажы кызматына өткөн 2 ай ичинде буга чейинки айларга салыштырмалуу 34 пайызга ишкерлерди тейлөө саны көбөйүп, сапаты да жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, ошону менен бирге киреше жагы да 17 пайызга көтөрүлгөн.
“Алдыда “Бирдиктүү терезе” боюнча пландарыбыз чоң. Ишкерде бир мамлекеттик органдан уруксаат кагазын алып, экинчисине ташып келүү деген болбош керек. “Бирдиктүү терезе” өзү бардык керектүү документтерди алып бергенге жетишүүсү зарыл. Бул системанын Бажы кызматына өткөрүлүп берилиши чоң жоопкерчилик жана өлкө жеткчилигинин бизге болгон ишеними болуп эсептелет.
Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө “Бирдиктүү терезе” Бажы кызматынын алдында иштеп келет. Буга чейин бизде Экономика министрлигинин алдында иштеп келген. Бирок, тилекке каршы абдан көп учурларда ишкерлер бул системанын мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдаланбай, керектүү деңгээлде кызмат бере албай келген. Ошол себептен ишкерлердин суранычы боюнча “Бирдиктүү терезенин” кызматын жогорку деңгээлге көтөрүү максатында Бажы кызматына өткөрүлүп берилди”,- дейт Салиев.
Ошондой эле ал “Бирдиктүү терезе” системасы убакытты үнөмдөөгө, адамдык факторлорду жоюуга өбөлгө болоорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №334 токтому менен “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик бажы кызматынын карамагына өткөрүлгөн.
Булак “Кабар” агенттиги
 
								 
                                     
                                    