Бир жумада 23 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өлкө аймагында 2025-жылдын 2-июндан 8-июнга чейин 22 миң 981 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 709;
- мас абалында унаа башкаруу – 233;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 116;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 496;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 983;
- авто ээнбаштык – 7;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 251;
- жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 529;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2651 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.