Бир жумада өлкөдө 24,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

 Бир жумада өлкөдө 24,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

20-октябрдан 26-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 24 566 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анан ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 3 117;
  • мас абалында унаа башкаруу – 399;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1985;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 186;
  • авто ээнбаштык – 43;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3649;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 13;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 651;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 513 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост