Бир жумада өлкө аймагында 259 мас айдоочу кармалды
8-декабрдан 14-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 635 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 379;
- мас абалында унаа башкаруу – 259;
- унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 134;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу – 591;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежемин бузуу – 2 908;
- авто ээнбаштык – 25;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 515;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 8;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 832;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 984 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.