Билим берүү мекемелерине 1.6 миңден ашуун ноутбук берилди

 Билим берүү мекемелерине 1.6 миңден ашуун ноутбук берилди

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан билим берүү уюмдарындагы билим берүү сапатын жакшыртуу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында ноутбуктар берилген.

Өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 23-сентябрындагы №5112/1 буйругуна ылайык, аталган ноутбуктар жалпы билим берүү мекемелери арасында бөлүштүрүлүп берилген.

Атап айтканда, билим берүү мекемелерине жалпы суммасы 50 млн 19 миң 990 сомдук 1648 ноутбук берилсе, анын ичинде мектептерге – 1153, ал эми 2023-жылы IT багыты боюнча адистиктерди даярдоого киришкен кесиптик лицейлерге 495 ноутбук берилген.

Связанный пост