Бийлик өкүлдөрү Тоң районунда

 Бийлик өкүлдөрү Тоң районунда

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Тоң районунун тургундары менен жолугушту.

Жыйында, жарандар жеке укуктарынын бузулушу, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, коомдук абал, укук коргоо органдарына тийиштүү маселелер көтөрүлдү.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз кезегинде, көзөмөл органына жазылган арыздар жоопсуз калбастыгын белгилеп, кыска аралыкта так жана мыйзамдуу чаралар көрүлөөрүн билдирди.
Жолугушууга Тоң районунун 300дөн ашуун тургуну катышты.

Связанный пост