Бийик тоолуу унаа жолдору жаз мезгилине чейин жабылды
Бийик тоолуу унаа жолдору жаз мезгилине чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору маалымдады.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы каттамы 14-октябрдан баштап жабылды.
Белгиленген унаа жолдорунда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чаткал жана Сузак райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу чыгарлып, 2025-жылдын жаз мезгилине чейин жол эки тараптуу жабылганын маалымдады.