Беш жылда Кыргызстан менен Кореянын товар жүгүртүүсү 9,2 эсеге өстү

 Беш жылда Кыргызстан менен Кореянын товар жүгүртүүсү 9,2 эсеге өстү

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 9,2 эсеге өстү. Бул тууралуу Сеулда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Кореянын соода, өнөр жай жана ресурстар министри Ким Чжонгвандын эки тараптуу жолугушуусунда айтылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинде экспорт 4,5 эсеге, импорт 9,3 эсеге көбөйдү.

“2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 508,7 млн долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 17% өскөн. Анын ичинде импорт 506 млн долларды түзүп (17% өсүш), экспорт 2,7 млн долларды түздү (3,8% өсүш)”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, кыргыз продукциясынын Түштүк Корея рыногуна экспортун кеңейтүү, өнөр жай жана жогорку технологиялар тармагындагы келечектүү долбоорлорду талкуулашты.

Кыргыз тарап өндүрүш тармагындагы өнөр жайлык кооперацияны өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, электрондук сооданы илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.

Связанный пост