Беш айдын ичинде жумуштуулуктун ар кандай чаралары менен 13,6 миңден ашуун адам камтылган
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын беш айында райондук жана шаардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 6,1 миң адам ишке орноштурулган.
Жергиликтүү жамааттардын аймактарын көрктөндүрүү боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштар жана кесиптик окутуу рыноктогу оорчулукту жеңилдетүүнүн натыйжалуу механизми болуп саналат. Бул чаралар менен беш айдын ичинде 7,5 миң адам камтылган.