Белгилүү балбан баңгизат колдонууга шектелип кармалды

 Белгилүү балбан баңгизат колдонууга шектелип кармалды

Бишкек шаарында баңгизат колдонууга шектелип грек-рим күрөшү боюнча спортчу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, аталган окуя 3-апрелде катталып, кайгуул кызматы Li үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Текшерүү учурунда аныкталгандай, айдоочу 1990-жылы туулган М.Р. Азия чемпионатынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу болуп чыккан. Ал агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, орой сөздөрдү колдонуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.

Ал Республикалык психиатрия жана наркология борборуна медициналык кароого жөнөтүлүп, жыйынтыгында баңгизат колдонгондугу аныкталган.

Ошол эле күнү М.Р. Биринчи май райондук милициясына жеткирилип, Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк соттун чечими менен ал Бишкек шаардык милициясынын атайын кабыл алуу жайына 3 суткага камакка алынган.

Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, күрөң-жашыл түстөгү зат салынган ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Связанный пост