“Бедел” бекети транзит убактысын 12 саатка кыскартат
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту транзит убактысын 12 саатка кыскартат, – деди транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин жыйынында.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарада транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, мультимодалдык коридорлорду түзүү жана аймак аралык кызматташтык маселелери талкууланды.
Министр өз сөзүндө кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарындагы жүк ташуунун көлөмү кыйла көбөйгөндүгүн билдирип, “Бедел” ашуусундагы үчүнчү коридордун курулушу Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
“Бедел көзөмөл өткөрүү пунктунун курулушун 2027-жылы бүткөрүү пландаштырылууда. Анын ишке кириши жыл бою үзгүлтүксүз жүк ташууну камсыз кылып, транзит убактысын 12 саатка кыскартат” , — деди министр.
Ведомство жетекчиси санариптештирүү багытында электрондук уруксат бланктарын алмашуу системасын (E-Permit) ишке киргизүү маселесине токтолуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүү сунушун берди.
Жыйынтыгында ал Кыргызстан транспорт жана логистика тармагындагы бардык демилгелерге активдүү катышууга даяр экенин кошумчалады.