BBC Кыргызстан тууралуу маалыматтарды дүйнөлүк аудиторияга алып чыгууга кызыкдар

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Би-Би-Синин (BBC) Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ричард Колборн менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Алагөзов жолугушууда медиа тармагында кызматташуу, өлкөдөгү масштабдуу иш-чараларды дүйнө коомчулугуна жеткирүү маселелери талкууланганын билдирди.

“Анын ичинде алдыда күтүлүп жаткан иш-чараларды: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары талапкерлигин коюусун, Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өңдүү ири иш-чараларды эл аралык аудиторияга алып чыгууну сунуштадым.

Ричард Колборн Би-Би-Си Кыргызстан тууралуу маалыматтарды, анын ичинде расмий позицияларды да дүйнөлүк аудиторияга алып чыгууга кызыкдар экенине ишендирди”, – деди Аскат Алагөзов.

Белгилей кетсек, Би-Би-Си кыргыз кызматынын Кыргызстанда иштеп жатканына быйыл 30 жыл толду.

Связанный пост