Бажычылар колдонулган унаалардын кузовдорун жана тетиктерин мыйзамсыз чогултуу фактысын аныктады. Зыяндын суммасы 11 млн сомдон ашат

 Бажычылар колдонулган унаалардын кузовдорун жана тетиктерин мыйзамсыз чогултуу фактысын аныктады. Зыяндын суммасы 11 млн сомдон ашат

«Түндүк-Чыгыш бажысынын» контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын бажы эрежелерин алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагына– мурда колдонулган автотранспорттук каражаттын толук комплектациясы менен арткы жүрүү бөлүгү товарларын импорттогон жана «ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосу боюнча бажылык тариздөө жүргүзгөн КР жарандарын кармашкан.

МБКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык ЕАЭБдин бажы аймагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма документтери менен автотранспорт каражаттары толугу менен чогултулгандан кийин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде ташылып келинген унаа катары баштапкы каттоого алынган.

23 АТК боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 11 020 792 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Учурда Түндүк-Чыгыш бажысынын КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Связанный пост