Бажы кызматы Гонконгдон контрабандалык дары-дармектерди алып келүү фактысы аныктады

 Бажы кызматы Гонконгдон контрабандалык дары-дармектерди алып келүү фактысы аныктады

МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келинген товарлардын бажы операцияларына мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында «Э.Б.К.» ЖЧКсынын дарегине Гонконгдон товарлар-айкалышкан дарылар келгени аныкталган.

Алып келүүдө товарлар белгилүү ТЭИ ТН коду менен дары-дармек катары декларацияланып, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган. Бирок бул товар аталган товардын кодуна кирбегендиктен, төлөнбөгөн ташып кирүү  бажы алымынын суммасы 133 408 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост