Бажы көзөмөл аймагынан 5 жүк ташуучу унааны мыйзамсыз чыгарып кетишкен

 Бажы көзөмөл аймагынан 5 жүк ташуучу унааны мыйзамсыз чыгарып кетишкен

Бажы көзөмөл аймагынан беш жүк ташуучу унааны мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз аракеттер “Түндүк-Чыгыш” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталды.

Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарына ылайык, товарлар жана унаалар бажы органынын уруксатысыз жана бажы операциялары жүргүзүлбөстөн бажы көзөмөл аймагынан чыгарылбоого тийиш.

Азыркы учурда бардык жүк ташуучу унаалар кармалып, убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылды. Мамлекетке келтирилген зыян 8 миллион сомдон ашты.

Факт каттоого алынып, Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Связанный пост