Базарларда сатылган дарбыздардагы нитрат деңгээли нормадан ашкан эмес

 Базарларда сатылган дарбыздардагы нитрат деңгээли нормадан ашкан эмес

Кыргызстандын базарларындагы сатылып жаткан дарбыздардын курамындагы нитраттардын деңгээли нормалдуу. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын ветеринардык-санитардык экспертиза боюнча лабораторияларынын адистери билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, дарбыздын курамындагы нитраттын деңгээли 60 мг/кг болсо, бул коопсуз жана адам ден соолугуна зыян келтирбейт. Учурда өлкө аймагында сатылып жаткан дарбыздар Өзбекстандан импорттолууда жана алар күн сайын атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп жатат.

Адистердин айтымында, дарбыз менен катар бардык жашылча-жемиштер да көзөмөлдөн өтөт.

“Дүкөн, базарларга түшкөн ар бир жемиш боюнча кайсы өлкөдөн келгендиги жана мурунку текшерүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн тастыктама болушу шарт. Бүгүнкү күндө республика боюнча Ветеринардык кызматтын курамында 78 лаборатория иш алып барууда, алардын 13ү Бишкек шаарында жайгашкан”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул мекемелер күн сайын азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөп, элге сапаттуу продукция жетишине шарт түзүп келет.

Связанный пост