Базар-Коргондо системалуу түрдө пара алып жүргөн салыкчы кармалды

 Базар-Коргондо системалуу түрдө пара алып жүргөн салыкчы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында Салык кызматынын Базар-Коргон райондук башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп саналган О.С.А. аттуу жаран кармалды.

Тактап айтканда, О.С.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (“Пара алуу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу жөнүндө маалымкат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.

Сот органдарынын уруксаты менен О.С.А.нын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 2025-жылдын 9-январында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Связанный пост