Базар-Коргондо сел 23 жеңил унааны агызып кетти

 Базар-Коргондо сел 23 жеңил унааны агызып кетти

Базар-Коргондогу селдин кесепеттерин жоюуга 70тен ашуун куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

 

Жерине жалпысынан 77 куткаруучу, 7 мотопомпа, 7 атайын техника тартылды. Кошумча маалымат берилет.

 

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июлда саат 18:30дар чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арстанбап айылынын ички жолдорун каптаган.

Связанный пост