Базар-Коргондо бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

 Базар-Коргондо бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Базар-Коргон шаарында жайгашкан №1 “Солнышко” бала бакчасы жана ага тиешелүү болгон 0,19 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу жолу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук чаралардын негизинде наркы 12,3 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Связанный пост