Баткендеги жаңы Достук айылында 181 үй курулууда
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жаңы Достук айылындагы үйлөрдүн курулушунан кабар алды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагында жайгашкан жаңы Достук айылында 181 турак үйдү куруу иштери жүрүүдө.
Учурда үйлөрдүн чатырын жабуу жана ички шыбак жумуштары жүрүүдө. Айрым үйлөрдө жылытуу системасын орнотуу иштери башталды.
Облус башчысы курулуштун жүрүшүн текшерип чыгып, жергиликтүү жетекчилер жана куруучуларга сапатына өзгөчө маани берүүнү эскертти.
Ар бир турак үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт. Курулушту октябрь айына бүткөрүү пландалган. Айылдын жалпы аянты 57 гектар.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн, жаңы турак жай комплексинин курулушу башталган.
Жаңы турак жай аймагына, Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.
Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн, жалпы 76 турак жай куруу пландалып, учурда курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.