Баткендеги Жаңы Достук айылында 181 үй курулду

 Баткендеги Жаңы Достук айылында 181 үй курулду

57 гектар аянтты ээлеген Жаңы Достук айылында учурда 181 үй тургузулду. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштеринин алкагында көчүрүлгөн Достук айылынын тургундары үчүн Баткен районунун Чет-Булак аймагында Жаңы Достук айылында турак үйлөр курулууда.

181 үй алты катарга жайгашкан. Негизги көчөгө асфальт төшөлөт. Ички жолдордун жалпы узундугу 10 чакырымды түзөт.

Турак үйлөрдүн чатыры жабылып, эшик-терезелери орнотулган, жылытуу системалары коюлган. Ар бир үйдө үч бөлмө, зал, ашкана жана жуунучу жай бар. Аймакта азыр электр мамылары орнотулуп, чубалгылар тартылып жатат.

Учурда 275 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана фельдшердик-акушердик пунктунун курулушу үчүн жер иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы конушка Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынан да тургундар жайгаштырылары айтылды.

Курулүш иштеринин жүрүшү менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Баткен районунун акими Данияр Иманалиев таанышышты.

Маалым болгондой, курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Связанный пост