Баткенде тамчылатып суугаруу боюнча 177,5 млн сомдук долбоор ишке ашууда

Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында 500 гектар жерди тамчылатып сугаруу максатында магистралдык каналдан 13,4 км узундуктагы суу түтүгү тартылып, 10 000 куб метрлик суу сактагыч курулат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун жалпы сметалык баасы 177,5 млн сомду түзөт. Иш 2026-жылдын ноябрь айында аяктайт.

Долбоор ишке ашканда:

  • дыйкандар сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздалып, түшүмдүүлүк жана киреше жогорулайт;
  • мөмөлүү бактарды өстүрүүгө шарт түзүлүп, кооперативдердин иши жанданат;
  • аймакта туруктуу жумуш орундар түзүлүп, калктын жашоо деңгээли жогорулайт;
  • суу ресурстары үнөмдүү пайдаланылып, заманбап агротехнологиялар колдонууга алынат;

Кызыл-Бел айылында ишке ашып жаткан бул ири долбоор — айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү багытындагы маанилүү кадам. Тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган 500 га жер айыл тургундары үчүн кирешенин туруктуу булагына айланып, региондун жана мамлекеттин жалпы экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Связанный пост