Баткенде Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө

Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Курулуштун жүрүшүнөн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды.
Узундугу 2,5км болгон канал жергиликтүү эл жана бей өкмөт уюмдардын биргелешкен аракети менен курулууда.
Курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму тарабынан 55миң АКШ доллары каралган. Ал эми Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1,5млн сом бөлүнгөн.Мындан сырткары жергиликтүү демөөрчүлөр да ири өлчөмдө каржылык колдоо корсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Курулуш иштерине айыл жаштары да көмөктөшүүдө.
Белгилей кетсек,калктын өсүүсү жана сугат аянттарынын кеңейүүсүнүн натыйжасында аталган айылда суу таңкыстыгы жаралган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн учурда эскилиги жеткен канал толугу менен кайра курулууда.
Каналдын кайра курулушу менен, сууну үнөмдөөгө жана максаттуу пайдаланууга болот. Анткени сууну жоготуу 50%га жеткен болчу.
Облус башчысы жумушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине, курулуштун журүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмаларды койду.
Каналдын суусу Суу-Башы булагынан келет. Суунун көлөмү бир кубду тузөт. Кара-Булак айылы бул сууну ичүүчү жана сугат суу катары пайдаланат. Каналдын курулушун ушул жылы 15-майга бүткөрүү пландалган.
Абдикарим Алимбаев айыл аксакалдары менен чогуу, бул булакта өскөн 400 жылдык таржымалы бар ыйык дарактын астында куран окуп, элдин тынчтыгы жана аймактын өнүгүүсү үчүн бата кылышты.

Связанный пост