Баткенде сел коркунучу бар аймактардагы 100дөй объект сүрдүрүлдү
Баткенде сел каптоо коркунучу бар аймактардагы 100дөй объект сүрдүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бүгүн өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев сел сууларынын нугуна жана жээгине мыйзамсыз курулган курулуштарды жөнгө салуу жана иретке келтирүү боюнча жыйын өттү.
Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берилди.
Ага ылайык, бүгүнкү күндө Баткен облусунда сел коркунучу бар аймактарда курулган 166 объект аныкталган. Бул объектилер сел ташкындары учурунда жашоочулардын өмүрүнө кооптуу болгон үчүн сүрдүрүү иштери жүрүүдө.
Белгиленгендей, учурда 99 объект сүрдүрүлгөн. Калган объекттерди да жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө. Ошондой эле сел кетүүчү сайларга жакын жашаган тургундарга, мыйзамсыз курулуштарды курбоо жана бак дарактарды отургузбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.