Баткенде коңшу өлкөдөн дары-дармектер мыйзамсыз ташылып келгени аныкталды
Баткенде дары каражаттарын мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районун 38 жаштагы тургуну И.Л. кошуна мамлекеттин Абдумалик аттуу жараны менен алдын ала сүйлөшүп, нейтралдуу аймак аркылуу дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүп, Ош шаарына жеткирүүнү макулдашкан.
29-октябрында И.Л. дары каражаттарын Toyota Estima унаасына жүктөп бара жаткан учурда “Развилка” көзөмөл-өткөрүү пунктунда милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Жүктү текшерүү маалында баасы 3 млн сомдук дары каражаттары табылып, алардын айрымдары Кыргызстандын аймагында каттоодон өтпөгөнү жана сапат баалоо процедурасынан өтпөгөнү аныкталган.
Бул факты боюнча И.Л. “Экономикалык контрабанда” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.