Баткенде көз карандысыз канал курулуп, 1 миң га жерге суу берүү жакшырды

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагын суугат суу менен камсыз кылуучу Р-1 каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Аталган айыл аймактын Жошук, Таш-Дөбө, Чекелик жана Көк-Тал айылын сугат суу мене камсыз кылуучу Р-1 ички чарбалык каналы, Нургазиев атындагы чарба аралык каналдан сугат сууну алат.

Узундугу 4,4 км, сыйымдуулугу 2,5метр кубду түзөт.

Каналдын пайдаланууга берилиши менен 1000гектар жерге сугат суу берүү жакшырды.

Буга чейин аталган каналдын 2,3 км аралыгы кошуна Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөндүктөн, 60%га чейин суу жоготууга учураган.

Натыйжада жогорудагы айылдарда суу таңкыстык көйгөйү жаралып келген.

Мындан улам Өзбек Республикасын айланып өтүүчү канал, республикалык бюджеттин эсебинен 155,6 млн сомго курулуп бүттү.

Дюкер тибинде курулган бул уникалдуу долбоордун негизинде, жер асты менен 25 метр бийиктикке өз нугу менен суу чыгарылган.

Связанный пост