Баткенде дыйкан-фермерлерге 309 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди
2025-жылы “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорунун алкагында Баткен облусунда 623 жаранга 308,9 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Айыл банк” тарабынан айыл чарба тармагындагы 25 ишкерге 10 млн сом, мал чарбачылыгы боюнча 188 ишкерге 119 млн сом, тамчылатып сугарууга 3 жаранга 2,3 млн сом берилген.
Ал эми “Элдик банк” тарабынан айыл чарба тармагындагы 16 дыйканга 6,97 млн сом, мал чарбачылыгы тармагындагы 391 фермерге 167,6 млн сом берилген.